ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү долбоору старт алды

Бүгүн, Ош шаарында жеке менчик бала бакчаларды жана мектепке чейинки билим берүү борборлорун өнүктүрүүгө багытталган акселерация программасынын ачылышы болду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, АРнин өлкө боюнча директору Жылдыз Исабекова катышып, мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, “Биз камкорбуз” аталышындагы акселерация программасы бүгүн старт алып, эки ай бою уланат. Жалпысынан программага катышуу үчүн 115 арыз берилип, анын ичинен мектепке чейинки билим берүү тармагынан 26 ишкер тандалып алынган.

Эки айдын ичинде катышуучулар жеке бизнес-кеңешчи (бизнес трекер) менен тыгыз иш алып барышып, бизнес көндүмдөрүн өркүндөтүшүп, экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатат.

Интенсивдүү акселерация программасынын алкагында ишкерлер мектепке чейинки билим берүү тармагында ийгиликтүү бизнесмендердин баяндамаларын угушуп, тажрыйба алмашуу үчүн бир нече бала бакчаларга барышат.

Программанын акыркы күнү катышуучулар өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып, долбоорлорун сунушташат.

Анын жыйынтыгы менен Accelerate Prosperity коомдук фонду тарабынан 50 000 доллар өлчөмүндөгү инвестицияны алуу үчүн эң алдынкы 3 билим берүү мекеме-ишканасы тандалып алынат.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео