ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр Бакытбек Жетигеновдун Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусу башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Мында, 2023-жылы аймактык башкармалыкта аткарылган жумуштар жана элден келип түшкөн кайрылуулардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча жетекчинин маалыматы угулду. Анын негизинде жашоочулар аймакта орун алган айрым көйгөйлүү маселелер боюнча өздөрүнүн суроолорун беришти.

Алсак, аймакта айрым көчөлөрдө жолдорду асфальттоо, тротуарларды, мектептерде жаңы туалеттерди куруу, балдарга ысык тамактарды, муниципалдык маршруттук каттамдардын санын көбөйтүү, канализацияга коштуруу, көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, экология, жол тыгынын алдын алуу жана жоюу маселелерин көтөрүштү.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылууларына жооп берүү менен бирге айтылган маселелер боюнча жерине барып, жакындан өзү таанышып, келээрин билдирди.

Ошондой эле, жыйында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео