ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кыргыз тилиндеги мультфильмдер коомдук транспортто коюла баштайт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттигинин, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында кыргыз тилиндеги “Козулар”, “Сыйкырдуу калем” анимациялык мультфильмдерин шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу сунушталды.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэриясы бул демилгени колдоого даяр экендигин, мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча бир топ иш-аракеттер жасалып жаткандыгын билдирди.

Соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ардак грамота жана төш белгилер менен сыйланышты.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео