ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

А. Сүйүмбаев атындагы стадиондун айланасын баштапкы абалына келтирүү иши башталды

Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун айланасы 2001-жылы берилген токтомго ылайык 5,5 гектар деп көрсөтүлгөн. 1996-жылы соц обьектилердин аймагынын жер аянттарын жеке менчике бербөө боюнча токтому чыкканына карабай, 1 гектардан ашуун жер тилкеси ар кандай жолдор менен жеке колдорго берилип кеткен. Алар стадиондун айланасына коммерциялык багыттагы курулуштарды салып иштетип келишкен.

Бүгүн курулуш ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен стадиондун аянтын баштапкы абалына келтирүү иштери башталды.
Алар спорт дүкөнү, бильярд клубу, той көйнөктөр салону жана мыйзамсыз турак үй, анын тосмосу.Жерди курулуштардан бошотуу иштерин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жүргүзөт.

Эске салсак Ош шаарынын борбордук стадионунун негизги унаа кирүүчү жолу талапка туура келбей, жеке тараптар тосуп алган. Анын арты менен Ош шаарында эл аралык жана республикалык масштабдагы футбол мелдештерин өткөрүүгө уруксат берилбей келген.

Мыйзамсыз жана ар кандай жолдор менен берилип кеткен жерлерди кайтарып алуу менен стадион толук эл аралык талапка жооп берген абалга келтирилет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео