ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Сиздерди бүгүнкү 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен кызуу куттуктаймын!
Ак калпак-Кыргыз элинин улуу мурасы, дөөлөтү жана кемибес дүйнөсү десек жаңылышпайбыз!
“Асманда жарык көрсөң- жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди – Кыргыз деп бил”, – дегендей ак калпак эзелтеден элибизди дүйнө элине таанытып келе жатат.
Ак калпак ата-бабаларыбыздан азыркы жана келечек муунга түгөнгүс байлык катары калды. Ошол улуу мурасты сактап, келечек муунга калтыруу биз үчүн парз жана ыйык милдет!
Улуу акындарыбыздын бири Түмөнбай Байзаков “Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, Аскасы көк асманга тийген кезде” деп таамай айтканы-кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Ак калпакты кийген адам ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат. Калпактын ыйыктыгы да дал ушунда.
Ак калпагыбыз башыбыздан түшпөй, желегибиз ар дайым желбирей берсин!
Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу өмүр жана бакубат турмуш каалайм!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео