Ардактуу айымдар, асылзат апалар, ажарлуу эже-карындаштар!
Сиздерди жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Табият аялдарга сулуулукту, жан дүйнөнүн назиктигин, акылмандыкты жана чыдамкайлыкты тартуулаган. Демек, жаз менен шайкеш келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз.
Анткени, адамзаттын урпагын улап, жашоонун туткасын кармаган аялзаты улутту улут, элди эл кылган эбегейсиз күчкө ээ. Эненин терметкен бешиги жер шаарын тынчтыкка бөлөсө, кыздарыбыздын жылмайганы ааламга нур чачып турат.
Жан дүйнөсү назик, эрки күчтүү аялзаты ааламдын түркүгү, үй-бүлөнүн очогу болуу менен коомдук-саясий турмушка жигердүү катышып, мырзалардан кем калышпай, эл үчүн ак кызмат өтөөдө мыкты иштерди аткарып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп келесиздер.
Ош шаарынын айымдары да өндүрүштө, саламаттыкты сактоодо, билим берүү тармагында, искусство менен маданиятта, спорт жана ишкердик чөйрөдө, дегеле кайсы тармакта болбосун татыктуу иш алып барышууда.
Ош шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кандай гана маанилүү иш-чаралар өткөрүлбөсүн, сиздер сап башында турасыздар!
Урматтуу айымдар!
Жаз менен наздын, өмүр менен гүлдүн, сулуулук менен аруулуктун, мээрим менен кайратмандыктын туу чокусу – сиздерсиздер. Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Ар бириңиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, жан дүйнөдөгү шайкештик, жайдары маанай каалайм. Кереметтүү жаздын ар бир күнү жүзүңүздөргө жылмаюу тартууласын.
Майрамыңыздар кут болсун!