ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Коммуналдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленип, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, муниципалдык кызматтардын жетекчилери, кызматкерлери, профсоюздардын өкүлдөрү катышты.

Бакытбек Жетигенов шаардын көркүнө көрк кошуп иштеп келе жаткан коммуналдык кызматкерлер шаардын күзгүсү, өнүгүүнүн башаты экенин белгилеп, күжүрмөн эмгеги жана аракети менен айырмалангандарды Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык баракчалары жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады.

Ошондой эле, коммуналдык кызматкерлер Ош шаардык кеңешинин, профсоюздардын өкүлдөрүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео