ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жашоочулар менен болгон жолугушууда берген убадага ылайык, аймактагы негизги маселелер менен таанышып, абалды жеринен көрүп чыкты.
Мэр калаадагы А.Навои, Алай, Ж.Раимбеков (мурдагы Зайнабетдинов), Мотор, И. Раззаков, У.Салиева, Ж. Касымбеков көчөлөрүндө болуп, жергиликтүү тургундардын жашылдандыруу, мыйзамсыз курулуштарды, уруксаты жок соода-сатык түйүндөрдү алып салуу, ички жолдорду асфальттоо, тротуарларды куруу, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында балдардын аянтчаларын уюштуруу, шлагбаумдарды, таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча маселелерин укту.
Калаа башчысы жарандардын кайрылуулары эске алынаарын белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине калктын атап кеткен маселелерин чечүү үчүн иш планга киргизип, тийиштүү жумуштарды аткаруу боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео