ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында “Нооруз-2024” майрамы салтанаттуу белгиленет

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында “Нооруз-2024” майрамы салтанаттуу белгиленет.

Саат 09:00дөн тарта “Ноорузду даңазалоо” оюн-зоок программасынын алкагында маданият башкармалыгынын, белгилүү ырчылардын, артисттердин катышуусунда театралдашкан концерт тартууланат.

Аянттын оң тарабында 7 кыргыз боз үйлөрү тигилип, “Кыргыз шырдак” көргөзмө-жарманкеси, Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, №2-балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана “Көктөм” (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.

Мындан сырткары, «Алымбек Датка» этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чаралар өтөт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео