ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Нооруз майрамына карата куттуктоо сөзү

Урматтуу ордолуу Ош шаарынын эли жана кадырлуу коноктору!
Сиздерди кут толгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Жаркыраган жаз менен кирип келген Нооруз – жаңы күн, жаңы башаттардын башталышы. Аруулуктун, тазалыктын жана жаңылануунун майрамы. Ушул күнү баарыбыз жакшылыкка үмүт артып, үйүбүзгө кут-береке, ырыс толсун, элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун деп ниет кылабыз.
Нооруз – тынчтыктын, үмүттүн жана молчулуктун жарчысы.
Мына бүгүн баарыбыз Мекенибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап, асыл тилектер жана жаркын үмүттөр менен, өлкөбүздүн тынчтыкта өсүп-өнүгүүсү үчүн тилек кылып турабыз.
Ардактуу коноктор жана шаарыбыздын тургундары!
Улустун улуу күнүндө жаралган таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.
Өлкөбүз өркүндөп, шаарыбыз гүлдөп өнүгө берсин.
Майрамыңыздар кут болсун!

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео