ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Шаар башчысынын аймактарды кыдыруусу “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында жыйынтыкталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, арыздарынын негизинде жер-жерлерде чечилбей келе жаткан маселелерин көрүп чыкты.

Мэр Д.Садырбаев, К.Көчөбаев, Т.Атабаев, А.Сүйүнбаев, Мушкетов, Набережная, Т.Латибжанов, К.Исаков, Р.Юнусов, М. Ишматов көчөлөрүндө, Достук кичи районунда, дача конушунда, ошондой эле алыскы Алай-1-2 жана Эдельвейс аймактарында болуп, жергиликтүү тургундардын тротуарларды оңдоп-түзөө, көпүрөлөрдү, жолдорду кеңейтүү, мыйзамсыз, уруксаты жок курулуштарды алып салуу, сел каналдарды, ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, ичүүчү жана суугат суу менен камсыздоо, коомдук транспорт, көп кабаттуу турак жайлардын фасаддарын сырдоо, чатырларды жаңылоо боюнча маселелерин укту.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга айтылган инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасы берилди.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео