ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине киргенине 15 жыл толду

Бүгүн, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Сулайман-Тоосунун ЮНЕСКОнун тизмесине катталгандыгынын 15 жылдыгына жана туристтик сезондун ачылышына арналган «Сулайман-Тоо – Улуу Жибек Жолунун боюндагы маяк» аттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ЮНЕСКОнун, туроператорлордун, жогорку окуу жайлардын, мейманканалардын, консулдуктардын өкүлдөрү, туризм тармагында кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер катышты.

Иш-чарада Сулайман-Тоосунун ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан биринчи болуп катталгандыгы, анын мааниси жана тарыхый орду тууралуу көргөзмө ачылып, “Дүйнөлүк мураска айланган Сулайман-Тоонун туристтик потенциалы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Анын алкагында катышуучуларга туризм тармагында аткарылып жаткан жумуштар жана келечектеги пландар боюнча маалыматтар берилип, талкуу жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана туроператорлордун жарманкеси уюштурулуп, Сулайман-Тоодогу тарыхый маданий эстеликтерине экскурсия өттү.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео