ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Элдик Курултайдын Катчылыгы делегаттар менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Элдик Курултайдын Катчылыгынын кызматкерлери менен Ош шаарынын жана Ош облусунун Элдик Курултайынын делегаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шайлообек Козубаев, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Элдик Курултайдын катчылыгынын өкүлдөрү Майорбек Сатымкулов, Замирбек Көчөрбаев, Элзарбек Шаршенбек уулу катышты.

Жолугушууда II Элдик Курултайдын алкагында көтөрүлгөн бир катар маселелердин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн иш-чаралар планы, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Элдик Курултайдын делегаттарынын ишмердүүлүгүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү багытында аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Соңунда суроо-жооп уюштурулуп, катышуучулар тарабынан Элдик Курултайды өткөрүү тартиби боюнча сунуштар берилип, пикир алмашуу болду.

Окшош жаңылыктар

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

867226188_1463837745935118_2651488207085282909_n

Ош менен Франциянын ортосунда жаңы көпүрө: эки тараптуу кызматташтык кеңейүүдө

375.970

Ош: Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда

867616126_1463665229285703_6133499748336258456_n

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

866281233_1098994409680445_8445177470480105108_n

Ош шаарында 400 орундуу оорукана жана жаңы онкоборбор курулат

Видео