ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кара-Кыргыз автономиялык областынын 100 жылдык мааракесине карата конференция өттү

Бүгүн, 5- апрель Ош мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз автономиялык областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмери, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган “Иманалы Айдарбеков -биринчи жетекчи” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары, ОшМУнун профессордук курамы катышышты.

Конференциянын алкагында Иманалы Айдарбековдун Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана экономика тармактарынын өнүгүшүнө кошкон салымы боюнча баяндамалар жасалып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Ардак грамота, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео