ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында каттуу таштандыларды иштетүү системасы жакшырат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) каржылык колдоосу менен ош шаарында жаңы санитардык полигон курулуп, эски таштанды полигону рекультивацияланат.

Долбоорду ишке ашыруу иштеринин жүрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары Руслан Татиков таанышты.

Ошондой эле Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев долбоордун алкагында «Ош-Тазалык» ишканасынын техникалык жана материалдык базасынын чыңдоо боюнча аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Учурда долбоорду ишке ашыруучу компаниялардын сунуштары, тиешелүү иш кагаздары каралып жатат. Жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталып, курулуш иштери башталат.

Белгилей кетсек, бул иштер Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео