ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Улуттук тазалык күнү өтөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйынга мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 20-апрель Ош шаарында жалпы ишембиликти өткөрүү боюнча сүйлөшүлдү.

Соңунда жооптуу кызматкерлерге жалпы ишембиликти жогорку уюшкандыкта өткөрүү боюнча тийиштүү талаптар коюлду.

Белгилей кетсек, шаардагы жалпы ишембиликке жана көрктөндөрүүгө, мамлекеттик мекеме-ишканалар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан бардык коммерциялык, соода түйүндөрдүн жана жайлардын менчик ээлери катышат.

Ошондой эле Алымбек датка этнографиялык борборунда Ош шаарынын мериясы, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан “Тазалык сенден башталат” аттуу флешмоб өтөт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео