ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Курулушу токтоп калган 275 орундуу мектеп быйыл пайдаланууга берилет

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Алымбек Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын «Ирригатор» участкасында курулушу 2015-жылы башталып, токтоп калган 275 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышты.
Дээрлик 10 жылга жакын убакыттан бери бүтпөй турган мектептин курулушу кайра жанданды. Учурда бөлмөлөрдө шыбак иштери жасалууда.
Мектептин аймагында спорттук зал, откана жана эки суу кампасы болуп, керектүү бардык шарттары каралган.
Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көзөмөлүндө турат. Билим берүү мекемесин жаңы окуу жылынын карата пайдаланууга берүү болжолдонууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео