ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Ага ылайык, бүгүн Ош гуманитардык-педагогигалык университетинде «Китеп ааламга жанган өчпөс чырак» аттуу иш-чара болуп өттү.
Маданий иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров катышып, билим, илим, руханий байлыктарды китеп аркылуу гана өнүктүрүүгө мүмкүн экенин билдирди.
Иш-чаранын алкагында дүйнөлүк классиктердин чыгармалары окулуп, китептердин көргөзмөсү өттү.
Ошондой эле театралдаштырылган оюн-зоок, “Китеп кербени” уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.
Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 1995-жылы китептерге, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урмат көрсөтүү катары негизделген.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео