ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

3000 окуучу борбордук аянтта “Манас” айтты

Бүгүн, борбордук аянтта мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айттуу боюнча республикалык кароо-сынагы өттү.

“Манас” эпосун даңазалоо максатында уюштурулган сынакка жалпы 3 миң окуучу катышып, кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” айтышты.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков катышуучуларга ийгилик каалашып, мындай иш-чаранын Ош шаарында өтүшү чоң сыймык экенин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык баракчаларды жана төш белгилерди тапшырышты.

Белгилей кетсек, сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында 20-апрелден 11-майга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео