ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: шайлоо өнөктүгүнө аралашкан кызматкерлерге карата чара көрүлдү

Социалдык тармактарда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары катышып жатат”, – деп тараган маалыматтын негизинде, кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, комиссиянын чечими менен “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан четтетилди.

Ал эми “Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчиси Кокочоров Доолатбек Курманбековичке, Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Кадыркулов Элдияр Тажибаевичке, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башчысы Имарова Канышай Камботоевнага эскертүү берилип, “Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчисинин орун басары Байкишиев Талант Осмоналиевичти жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камил Камчы уулун кызматтан бошотуу сунушу жетекчилигине жиберилди.

Ошондой эле, териштирүү учурунда шайлоо өнөктүгүнө аралашты делинген Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Эгембердиев, “Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын төмөнкү кызматкерлери Алтынбул Жунусов, Кабылжан Абдибаитов, Раджи Жээналиев, Айзирек Атажанова, Сухраб Сайдуллаев, Ашимжан уулу Нооруздар ушул күнгө карата аталган ишканада иштебей тургандыктары аныкталды.

Мындан сырткары, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев менен “ГазпромКыргызстан” ЖЧКсынын “ОшГаз” филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовторго карата чара көрүү боюнча аталган мекемелерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунуштар жиберилди.

Буга чейин Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жетекчилери КР ЖК депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аралашпоо боюнча Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аппараттык жана коллегиялык отурумдарда бир канча жолу эскерткен. Андан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларга кат да жиберилип маалымдалган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео