ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин төрагалыгында салык кызматынын, укук коргоо органдарынын жана шаар аймагындагы базар администрацияларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын уюштурулуп, 2024-жылдын 1-июлунан тарта патенттин негизиндеги соода иши токтотулуп, соода жүргүзгөн ишкерлер жалпы салык режимин же бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандоосу керектиги айтылды.

Ошону менен бирге тиешелүү кызматтарга Ош шаарынын аймагында жайгашкан базарларда иштеген чарбалык субъектилер арасында квалификациялуу адистерди тартуу менен салык мыйзамдарындагы жаңы өзгөрүүлөрдү (башка салык режимине өтүү боюнча) жеткиликтүү түрдө жеткирүү жана жеринде түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ал эми базар жетекчилерине соодагерлерге жана кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, ижара төлөмдөрүн негизсиз көтөрүүдөн кармануу жана салык кызматына көмөк көрсөтүү суралды.

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

– жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт);

– бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1% ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объекттерге кирген базарлардан сырткары) контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео