ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Чернобыль апаатына 38 жыл

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарындагы “Чернобыль курмандыктары” эстелигинин алдында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Митинг-реквиемге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер, курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, апаатта каза болгондор эскерилди. Бүгүнкү күндө шаарда Чернобылдагы аварияны жоюуга катышкан 38 ардагер жашайт.

Эске салсак, 1986-жылдын 25-апрелинен 26-апрелине караган түнү ХХ кылымдын эң ири техногендик апааты – Чернобыль АЭСинин төртүнчү энергоблогунда авария болгон. Жыл сайын 26-апрелде Ош шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилет. Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл 38 жыл толду.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео