ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошко Москвадан “Өчпөс оттун” бөлүкчөсү алып келинди

Бүгүн, 4-май күнү таңга маал Ош эл аралык аэропортунан “Эскерүү оту” эл аралык иш-чарасынын алкагында Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү “Өчпөс отту” тосуп алышты.

Тосуп алууга Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасындагы Орусия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин алдында аталган эл аралык акциянын алкагында жыйын-реквием өтүп, мемориалга от жагылат. Андан соң түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына өткөрүлүп берилет.

Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган Өчпөс оттун бир бөлүгүн Бүткүл орусиялык «Элдик фронт» коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, театр жана кино актеру Михаил Мамаев, «Элдик фронт» коомдук кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы, Красноярск шаардык кеңешинин депутаты Оксана Ларионова, «Элдик фронт» коомдук кыймылынын Краснодар аймактык штабынын мүчөсү Никита Костоправкин алып келишти.

Белгилей кетсек, бул иш-чара быйыл Ош шаарында экинчи жолу өтүп жатат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео