ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагери Салахидин Токтобаев 99 жашында дүйнөдөн кайтты

Бүгүн, Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери С.Токтобаев акыркы сапарга узатылды.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Ош шаарынын мэриясынын, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Ош шаардык ардагерлер биримдигинин, Ош аскер гарнизонунун, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары катышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев 1925-жылы 10-июнда туулган. Ардагер 18 жаш курагында согушка аттанып, Белорус фронтунан Германияга чейин барып, 958- батольонунда кызмат өтөгөн. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган.

Согуш мезгилиндеги жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган. Согуштан кийинки жылдары Ош пахта заводунда пенсия жашына чейин иштеген. Маркумдун артында 4 кызы, 3 уулу, 28 небереси, 52 чебереси жана 2 кыбырасы калды.

Ош шаарынын мэриясы ардагердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 1 жана оруктун 5 ардагери жашайт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео