ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында “Эскерүү оту” эл аралык акциясы өттү

Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде Улуу Жеңиш күнүнө карата “Эскерүү оту” эл аралык акциясынын алкагында өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү.

Аны жагууга Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишев, Кыргыз Республикасындагы орус кызматташтыгынын Ош шаарындагы башчысы Дмитрий Авраам, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери, Ооган жана Баткен окуясынын ардагерлери, Оштогу Орус үйүнүн, Ички иштер министрлигинин, Ош шаарындагы коомдук, билим берүү, спорт жана башка уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары катышышты.

Иш-чаранын алкагында жыйын-реквием өтүп, Бүткүл орусиялык «Элдик фронт» коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, театр жана кино актеру Михаил Мамаев, «Элдик фронт» коомдук кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы, Красноярск шаардык кеңешинин депутаты Оксана Ларионова, «Элдик фронт» коомдук кыймылынын Краснодар аймактык штабынын мүчөсү Никита Костоправкин мемориалдык комплекстеги өчпөс отту күйгүзүштү.

Соңунда түбөлүк оттун бөлүкчөлөрү өлкөнүн башка шаарларына өткөрүп берилип, музыкалык программа тартууланды.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган “Эстелик оту” акциясы алгачкы жолу 2022-жылы өткөн. Бул жылы белгисиз жоокердин Москвадагы мүрзөсүндөгү өчпөс оттун бир бөлүгү Ош шаарына үчүнчү ирет түз алып келинди.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео