ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлери сыйланды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошовдон кабар алып, Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

Ошондой эле мэр КР Президентинин атынан 100 миң сом жана Ош шаарынын мэриясынын акчалай сыйлык, белектерди тапшырды. Шаар башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине ар дайым өзгөчө көңүл бурулуп, керектүү бардык жардамдар берилерин айтты.

Согуш ардагерине ден соолук жана бакубатчылык тилеп, дайыма мэрия тараптан камкордук көрсөтүлөрүн билдирди.

Айта кетсек, Касымбай Жолдошов 99 жашта, учурда Ош шаарындагы жалгыз согуш ардагери.

Мындан тышкары шаар мэринин орун басарлары, мэриянын кызматкерлери жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери оруктун ардагерлеринен кабар алышып, материалдык жардамдарды көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында 1 согуштун ардагери жана 5 ооруктун эмгекчилери жашайт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео