ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Энелер күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өтүп, ага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, көп балалуу баатыр жана ардагер энелер катышты.

Мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев айымдарды “Эне”, – деген ардактуу наамга жетип, анын ар бир түйшүгүн кубанычка айландырган сыймыктуу күн менен жалпы аялдарды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, бир катар энелерге сыйлыктарды тапшырды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаар бийлиги тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечек муундарды тарбиялоодогу кошкон жигердүү эмгеги үчүн бир катар энелерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 567гө жакын “Батыр эне”, 185 “Эне даңкы” медалынын ээси бар. Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жумасында белгиленип келет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео