ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын беш окуучусу эл аралык жаштар арасындагы сүрөт сынагынын жеңүүчүсү болушту

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кытай Эл Республикасынын Фошань шаарында өткөн жаштардын «Достугубузду жаркыраган келечекке тартабыз» эл аралык сүрөт сынагында байгелүү орундарга ээ болушкан Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы атайын сүрөт мектебинин окуучулары сыйланды.

Балдарды Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов куттуктап, алардын чыгармачыл өнөрүн өнүктүрүү үчүн эл аралык сынактарга катышуунун маанилүү экендигин белгилеп, Кыргызстан үчүн анын ичинде Ош шаарынын билим берүү тармагына кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Сынактын жеңүүчүлөрү жана алардын мугалимдери Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Айта кетсек, аталган эл аралык сынак онлайн режиминде өтүп, ага жалпысынан 42 мектеп окуучулары катышып, анын ичинен төмөнкү окуучулар байгелүү орундарга ээ болушту:

1. Абдуроимова Райхон – биринчи орун;
2. Бакирова Айсезим – үчүнчү орун;
3. Узакбаев Даниел – үчүнчү орун;
4. Рахманжанова Акмарал – үчүнчү орун;
5. Азимова Анастасия – “Меймандос кичинекей катчы” аттуу сыйлык.

Сынакта балдар “Достук, кыял жана тынчтык” темасында көркөм чыгармаларды жаратышып, анын жыйынтыгында Фошань шаарындагы балдар ордосунда көргөзмөгө катышкан.
Ошондой эле алардын чыгармалары балдардын эл аралык көркөм жыйнагына да кирди.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео