ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

5 мектепте япониялык адистер тарабынан математика боюнча жаңы билим берүү ыкмаларын киргизүү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (мындан ары JICA) өкүлү Мория Масахиро менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин колдоосу менен Ош шаарындагы мектептерде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана долбоордун алкагында кызматташуу боюнча талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда жогоруда аталган долбоорду ишке ашырууга Ош шаарынын мэриясы тарабынан колдоо көрсөтүлөрү айтылып, математика сабагы боюнча мугалимдеринин билимин жогорулатууга багытталган семинарларды өткөрүү, окуучулардын дараметин аныктоо үчүн япониялык изилдөө тобунун мүчөлөрү тарабынан сабактарга байкоо жүргүзүү боюнча макулдашылды.

Изилдөөнүн максаты – Ош шаарындагы 5 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларынын билим деңгээлин текшерүү, мүмкүнчүлүгүн баалоо болуп саналат.
Изилдөө башталгыч класстын окуучуларынын логикалык ой жүгүртүүсүн жогорулатууга, мугалимдерге математика боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео