ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

А.С. Пушкин атындагы мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Амир-Тимур көчөсүндөгү А.С.Пушкин атындагы мектептин аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, мектептин аймагына каратылган үйлөрдүн дарбазасын тосуу иштери жүрүп жатат.

Айта кетсек, аталган аймак мурда Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу болгон, андан соң административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын карамагына өткөн.
Учурда мектептин 200 чарчы метрден ашык аянты мыйзамсыз курулуштардан бошотулду. Ошондой эле аймакка жанаша жайгашкан 3 кабаттуу жеке бала бакчанын имаратынын курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга кайрылуулар жөнөтүлдү.

Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, А.С.Пушкин атындагы мектептин аймагы баштапкы абалына келитирилип, мамлекетке кайтарылат.

Белгилей кетсек, шаардагы 56 мектептин ичинен 31 билим берүү мекемелеринин аймагында мыйзамсыз курулуштар аныкталып, мыйзамсыз ээлигинен мүлктү кайтарып алуу иштери жүргүзүлүүдө.

@oshmeriya

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео