ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы эки көчөдө капиталдык оңдоо иштери башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов бүгүн, “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №177 жана “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Чкалов көчөсүндө башталган жолдорду капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты.

Мэр тиешелүү кызматтарга жасалып жаткан бардык жумуштарды талапка ылайык сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарылышын тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган көчөлөрдөгү оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү тургундардын кайрылууларына ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар тарабынан көмөк көрсөтүүлүдө.

№177 көчөсүндөгү жолдун узундугу 2,33 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт. Узундугу 1 чакырым, туурасы 2,25 метрди түзгөн тротуары кошо курулат.

Ал эми Чкалов көчөсүндө 850 метр жол толук оңдолуп, эки көчөдө тең ирригациялык тармактар, жарыктандыруу системалары орнотулат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео