ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында 1-июндан “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

Ош шаарында тесттик режимде “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөт, видеого тартып алат.
Долбоордун алкагында Ош шаарындагы 20 кесилишке 150 программалык аппараттар, анын ичинде 5 мобилдик, 11 көчмө, калганы стационардык камералар орнотулат.
Аталган долбоор эки этапта ишке ашырылып, биринчи этаптын алкагында 60, экинчи этаптын алкагында 90 программалык аппараттарды орнотуу пландалууда.
Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт:
• Ылдамдыкты ашыруу;
• Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;
• Каршы жол тилкесине чыгуу;
• Коопсуздук курун тагынбаганда;
• Жөө жүргүнчүлөргө жол бербегенде;
• Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;
• Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;
• Жол белгилерине маани берилбеген учурда;
• Тыюу салынган жерден жөө өтүүдө;
• Стоп сызыгына чейин токтотуу, жол кыймылынын эрежелерин сактабоо;
• Транспорт каражатын токтотуу эрежелерин бузуу;
• Тротуарга унааны токтотууда.
1-июндан тарта “Коопсуз шаар” долбоору тесттик режимде ишин баштайт. Ал бир айга созулат.
Мында автоунаалардын жол эрежесин бузгандыгы фото, видеого тартып алынат, бирок айып пул салынбайт.
Ал эми бир айдан кийин жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео