ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы алыскы конуштарда көчмө клиника иштей баштады

“Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясы “Эдвокаси адам укуктары борбору” уюму менен биргеликте “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан жатаканалардын жана “Алымбек-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу “Эдельвейс”, “Алай 1”, “Алай 2” конуштарынын жашоочулары үчүн “Ден соолук кербени” аталыштагы көчмө клиникаларды уюштурушту.

Клиникада эки күн, 5-6-июнда Ош мамлекеттик университетинин медициналык адистери, Ош шаарынын үй-бүлөлүк медицина, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана АИВке каршы күрөшүү борборлорунун дарыгерлери тарабынан 23 жаштан 65 жашка чейинки жергиликтүү жашоочуларга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, АИВ-инфекциясына жана гепатит В вирусуна карата текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Ошондой эле, (ВИЧ) АИВ/СПИД жана вирустук гепатиттин алдын алуу боюнча тиешелүү маалыматтар берилип, терапевт, кардиолог, ЛОР, невропатолог, окулист, гинеколог, педиатр, уролог, УЗИ жана рентгендик текшерүүлөр өткөрүлөт.

Балдарга, аялуу катмардагы аялдарга, көп балалуу энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео