ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын борбордук базарынын соодагерлерине акысыз ККМ аппараттар тапшырылды

Ош шаарынын борбордук базарында Мамлекеттик салык кызматынын Ош башкармалыгынын тарабынан акысыз ККМ аппараттары тапшырылууда.
Иш-чарага Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгын, Ош шаарынын мэриясынын, борбордук базар дирекциясынын өкүлдөрү катышууда.
Бардыгы болуп арыз берген борбордук базардын 500дөн ашык соодагерлери акысыз ККМ аппараттарын алышат.
Буга чейинда шаардагы базарлардын соодагерлерине 100дөн ашык акысыз ККМ аппараттары тапшырылган.
Ош шаарында ККМ аппараттарына болгон жалпы муктаждык 3211 бирдикти түзөт, бирок бул сан дайыма өсүп турат.
Эскерте кетсек, акысыз ККМ аппараттары соода ишмердүүлүгү үчүн патенттерди жокко чыгарууга байланыштуу бирдиктүү салыкты киргизүүнүн алкагында тапшырылат. Соода иши үчүн патенттерди жокко чыгаруу 1-июлдан баштап күчүнө кирет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео