ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында 21-июнда Эл аралык йога күнү белгиленет

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин экинчи катчысы Ражни Верма менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар 21-июнь күнү Ош шаарында Эл аралык йога күнүн өткөрүү маселесин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Марс Исаев Ражни Вермага ыраазычылык билдирип, буга чейин Ош шаарында эл аралык йога күнүн белгилөө салтка айланганын, бул иш-чараны өткөрүүгө Ош шаарынын мэриясы ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.
Ражни Верма Ош шаарынын жана Бишкек шаарынын мэриясы Индия тарап менен көптөн бери өнөктөш болуп келгендигин жана кызматташтык жемиштүү өнүгүп жатканын белгилеп, алдыдагы иш-чараларды өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.
Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде санариптик технологияларды киргизүү жаатындагы маселелер талкууланды.
Учурда Ош шаарынын борбордук стадионунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, Эл аралык йога күнүн «Алай» футбол академиясынын машыгуу аянтчасында өткөрүү сунушталды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео