ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Базарлардын жана кичи базарлардын ишкерлерин текшерүүгө мораторий узартылды

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык базарларда жана кичи базарларда салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторийдин узартылгандыгын билдирет.
2025-жылдын 1-январына чейинки мораторий чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган.
Белгилей кетсек, бул мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Бул мезгилдин ичинде Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана ЭТТКны колдонбогондугу үчүн административдик айыптарды салбайт.
Эскерте кетсек, базарларда жана кичи базарларда чекене соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн ЭТТКны колдонууга жөнөкөйлөштүрүүлөр киргизилген. Алар товарлардын калдыктарын кириштөөдөн жана калкка сатууда эсептен чыгаруудан бошотулат. Жеткирүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу үчүн ЭТТК системасына катталуу жалгыз талап болуп эсептелет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео