ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы Т.Турсунбаева көчөсү 19 метрге кеңейтилет

Т. Турсунбаева көчөсүн кеңейтүү иштерин баштоо боюнча бүгүн шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө кеңешме жыйын өттү.

Аталган көчөнү кеңейтүү менен жол тыгындарынын алдын алуу жана жоюу каралган.
Ошондой эле Ош-Бишкек автожолунан («Т-формасындагы айлампа») Ош шаарына кирүүчү кошумча жолдун ачылышы менен унаалардын каттамы дагы да көбөйөт.
Андыктан ага чейин жолду кеңейтүү иштерин бүткөрүү каралган. Бул иштердин алкагында биринчи этапта Т.Турсунбаева көчөсү Навои көчөсүнүн кесилишинен Артыкова көчөсүнүн кесилишине чейин унаалар үчүн жол убактылуу жабылат.
Жолдун узундугу 850 метрди түзүп, тротуар жана ирригациялык тармактарды кошкондо 19 метрге чейин кеңейтүү каралган. Буга чейин аталган жол тилкедеги мыйзамсыз жана өз алдынча чыгып кеткен курулуштар жана соода түйүндөр ээлеринин макулдугу менен бузулуп алып салынган. Эми ирригациялык тутумдар жылдырылып, жол кеңейтилип, асфальт төшөө иштери жүрөт.
Убактылуу ыңгайсыздактар үчүн шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. @oshmeriya

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео