ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалык кызматкерлеринин күнү, кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Бул күн – мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элдин бакубат жашоосуна салым кошуп келе жаткан кесипкөй адамдардын майрамы.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ар бири өлкө жүгүн аркалап, эл кызматында жүргөндөр. Учурда Ош шаарында жалпы 231 муниципалдык кызматкер эмгектенип келишүүдө.
Сиздер тараптан жүргүзүлүп жаткан аракеттер, көтөргөн демилгелер, чечкиндүү иштердин натыйжасында шаарыбыздын гүлдөп-өнүгүшүнө ишеним чоң.
Ошондой эле ишенип берилген милдеттерди так аткарып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бүт өмүрүн арнаган ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем.
Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан кадрлардын сапатына, кесиптик даярдыгына, кызматтык кѳтѳрүлүүсүнѳ өзгөчө кѳңүл бурулууда.
Ош шаарынын мэриясы да эл үчүн ак кызмат өтөгөн, сыймыктуу кесип ээлерине ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.
Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен муниципалдык кызматкерлердин эмгек маяналары жыл сайын жогорулоодо. Шаарыбыздагы мамлекеттик жана муниципалдык органдарда тажрыйбалуу жетекчилер, татыктуу адистер эмгектенип, жаш жана келечектүү кадрлар өсүп келе жатышат.
Кымбатуу кесиптештер!
Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!
Баарыңыздарга чың ден-соолук, бакубат жашоо, кесиптик ишмердигиңиздерде жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайм!

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео