ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Санкт-Петербург шаарынын санариптик өнүктүрүү тажрыйбасы алмашылат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов боордош шаар Санкт-Петербург шаарынан келген санариптештирүү боюнча адистерден турган топ менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Санкт-Петербургдан келген коноктор маалыматтык технологияларды, нейрондук тармактарды жана видеоаналитика системаларын шаар аймагында, коопсуздук, транспорт тармагын жөнгө салуу боюнча кырдаалдык-мониторинг борборунун ишмердүүлүгүн колдонуу тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары шаар тургундары жана коноктору үчүн маанилүү болгон маалыматты жайылтуу үчүн чатбот-платформаларды жана роботтордун ишин киргизүүнүн маанилүүлүгү, өзгөчө кырдаалдар учурунда маалыматты ыкчам билдирүү, ЖМК жана социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү, тиешелүү кызматтар менен уюмдардын өз ара аракеттенүүсү, атайын шашылыш кызматтарды чакыруу сыяктуу долбоорлор боюнча да токтолуп өтүштү.

Коноктор муну менен катар шаардагы бир катар мунципалдык ишканалардын жана кызматтардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле Ош шаарында санариптештирүү боюнча бир катар пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу планын талкуулашат.

Белгилей кетсек, Санкт-Петербург шаары санариптештирүү багытында 20 жылдык тажрыйбасы бар. Шаарда жүздөн ашык маалымат системасы иштейт. Мындан сырткары араб жана Азия өлкөлөрүнө тажрыйба жана технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу жагынан бир топ тажрыйбага ээ.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео