ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында быйыл 1825 орундуу жалпы 4 мектеп курулуп бүтөт

Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгында 625 орундуу, Ирригатор көчөсүндөгү 275 орундуу эки мектеп 2016-жылы башталып курулушу бүтпөй токтоп турган. Учурда иш жанданып быйыл бүткөрүп пайдаланууга берүү максатталган.

Ал эми 225 орундуу Мээркан айылындагы, 700 орундуу Терешкова атындагы жатак мектебинин курулушу жаз айында башталган. Бул мектептер да быйыл бүткөрүлүп пайдалануууга берилет. Аталган окуу мекемелеринин курулуш иштеринин жүрүшүнөн шаар мэри Бакытбек Жетигенов кабар алып, жеринен көрүп чыкты.

Аны менен катар №74 “Бөбөк” жана №60 “Арча-Бешик” бала бакчаларын капиталдык оңдоп-түзөө иштерин да көрүп чыкты.

Шаар башчысы аталган билим берүү мекемелерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттүндө бүткөрүп, пайдаланууга тапшыруу талабын койду.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео