ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жазгы үч айлыкка активдүү катышкандар сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын аймагында март, апрель, май айларында өткөрүлгөн жазгы үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, көрктөндүрүү жана жашылдандырууга активдүү катышкан бир нече ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер сыйланышты.
Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тазаланган жер эмес, булганбаган жер таза болоорун белгилеп, шаар үчүн жазгы үч айлыкта эле эмес, жыл бою биргеликте кам көрүүгө чакырды.
Салтанаттуу жыйындын алкагында, өткөрүлгөн үч айлыкта жогорку жоопкерчилик менен активдүү катышкан муниципалдык аймактык башкармалыктарга, мекеме-ишканаларга, көп кабаттуу үйлөргө “Мыкты муниципалдык башкармалык”, “Мыкты кварталдык комитет”, “Мыкты көп кабаттуу үй”, “Мыкты социалдык мекеме”, “Мыкты муниципалдык ишкана”, “Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн мыкты жеке менчик ишкана” наамдары боюнча сертификаттар менен акчалай сыйлыктар, ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео