ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Коомдук тамактануучу жайлар санитардык ченемдердин сакталышы боюнча текшерилди

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарындагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү.
Анын жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кирген аймактардагы соода-сатык, коомдук тамактануучу жайлар, азык-түлүк саткан дүкөндөр, кичи базарлар, тамак-аш өндүрүш багытында иштеген цехтер санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча текшерүүгө алынды.
Атап айтканда, Курманжан датка жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан 10го жакын кафе, самсакана, чайканаларга мониторинг жүргүзүлүп, ал жерлерде иштеп жаткан кызматкерлерге азык-түлүктөрдү маркировкалоо, таңгактоо, тамак-аш азыктарын сактоо, санитардык китепчелер боюнча түшүндүрмөлөр, тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
🔸️ Аныкталган мыйзам бузууларды үч күндүк мөөнөттө жоюу боюнча тапшырмалар берилди.
🔸️ Алдыда рейддик иш-чаралар улантылат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео