ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жарандарга суудагы коопсуздукту, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө

🔰 Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынынын аймагында жайгашкан эс алуучу жайлардагы бассейндердин санитардык-гигиеналык абалы жана коопсуздукту көзөмөлдөө маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

🔰 Жыйында Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин маалыматтары угулуп, талкууланып, төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:

➧Ош шаарындагы кооптуу болгон суу жээктерин тез арада тосмолор менен тосуу жана эскертүүчү белгилерди коюу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү;

➧Балдардын арасында күтүлбөгөн кырсыктарды алдын алуу максатында коопсуздук эрежелерин (өрт, суу, жол) сактоо боюнча биргеликте тынымсыз түшүндүрүү иштерин алып баруу;

➧Каналдардын боюндагы жеке үйлөдүн ээлери менен каналдардын жээгин тосуу зарыл экендиги боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүү, аткарылышын көзөмөлгө алуу;

➧Ак-Буура дарыясынын жээгинде, каналдарда, бассейндерде санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча суунун сапатын лабораториялык жактан текшерүү;

➧Ош шаарынын аймагындагы суу объектилерине инвентаризация жүргүзүү;

➧Суу, өрт коопсуздугун сактоо боюнча эс алуучу жайларды, бассейиндерди, суу жээктерин үзгүлтүксүз текшерүү;

➧Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктарында ыктыярдуу куткаруу командаларын түзүү менен жарандардын арасында ар кандай коопсуздуктарды алдын алуу, биринчи жардам көрсөтүү боюнча окутууларды өткөрүү;

➧Ош шаарындагы бассейиндердеги суучул куткаруучуларды жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча окутуу, машыктыруу.

Буга чейин шаардын аймагында жайгашкан эс алуучу жайлардагы бассейндердин санитардык-гигиеналык абалы жана коопсуздугу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн сапатына биргеликте мониторинг иштерин жүргүзүү.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео