ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү шарттарды түзүп берүү маселеси каралды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы майыптыгы бар адамдардын жана балдардын маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга, мекеме-ишканалардын, бул жаатта иш алып барган коомдук уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйындын күн тартибинде, майыптыгы бар адамдар үчүн коомдук жайларда түзүлгөн шарттар боюнча маселелер каралып, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын имараттарынын алдындагы пандустардын абалы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар берилди.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров көтөрүлгөн маселелер боюнча маалыматтарды угуп, майыптыгы бар жарандар үчүн шаардагы мекемелердин алдындагы пандустарды эрежелерге ылайык оңдоп-түзөө, жаңы курулган аялдамалардын жеткиликтүүлүгү курулуш нормаларына жана тиешелүү талаптарга ылайык келтирүү зарыл экендигин белгиледи.

Отурумдун жыйынтыгы менен, күн тартибине коюлган маселелер боюнча чечимдер кабыл алынып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине 1 айлык мөөнөттө тийиштүү протоколдук тапшырмаларды аткаруу милдеттендирилди.

Окшош жаңылыктар

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

867226188_1463837745935118_2651488207085282909_n

Ош менен Франциянын ортосунда жаңы көпүрө: эки тараптуу кызматташтык кеңейүүдө

375.970

Ош: Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда

867616126_1463665229285703_6133499748336258456_n

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

866281233_1098994409680445_8445177470480105108_n

Ош шаарында 400 орундуу оорукана жана жаңы онкоборбор курулат

Видео