ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Үлүштүк курулуш программасынын алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын түзүлгөндүгүнүн 6 жылдыгына карата «Муниципалдык турак-жай курулушу: кечээ, бүгүн, эртең» аталышындагы отчеттук конференция өттү.

Конференцияга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, шаардык кеңештин депутаттары, Ош шаардык муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу, мекеме-ишканалардын, жогорку окуу жайлардын, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Конференцияда ишкананын жетекчиси Кутманалы.Абдырахман уулу ишкана тарабынан 6 жыл ичинде аткарылган жумуштар, жүргүзүлүп жаткан жана алдыда жасалуучу иш-аракеттер боюнча маалымат берди.
Соңунда Т. Турсунбаева №28 көчөсүндөгү үлүштүк курулуш долбоорунун алкагында 15 кабаттан турган 408 батирдин курулушуна капсула салынды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор шаар тургундарын турак-жай менен камсыздоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан төртүнчү ирет ишке ашырылууда.

Буга чейин, «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында үч көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

Долбоорго ылайык, жаңы турак жайдын биринчи кабаты коммерциялык жана унаа токтотуучу жайлар үчүн каралган. Мындан тышкары, үйдүн короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт. Батирлер жашоого даяр ички шарттары менен пайдаланууга берилет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео