ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ № 3 М.Ломоносов мектеби толугу менен жаңыланды

🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын Башкы консулу, мугалимдер жана ата-энелер № 3 М.Ломоносов орто мектебиндеги балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен таанышып жана окумуштуу М.Ломоносовдун эстелигин ачып, гүл чамбар коюп эскеришти.
🔹Аталган билим берүү мекемеси буга чейин авариялык абалга келип, капиталдык оңдоого муктаж болуп турган. Имараттын дубалдарында жаракалар пайда болуп, жалпы абалы талапка жооп бербей калган. Ушуга байланыштуу шаар башчысы мектепти толук жаңылоо жана заманбап талаптарга ылайык келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген.
🔹Аткарылган иштердин алкагында мектептин сырткы көрүнүшү толугу менен жаңыланып, бардык эшик-терезелер алмаштырылды. Чатыры жабылып, имарат сырты акталып, сырдалды. Ошондой эле билим берүү мекемесинин ичинде ашкана, актовый зал, лабораториялык кабинеттер, эмеректер жана спорт зал заманбап талаптарга ылайык оңдолуп, жабдылды.
🔹 Ошондой эле “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын М.В.Ломоносов атындагы отканасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
🔹Белгилей кетсек, Ломоносов атындагы мектеп мурда Курманжан датка көчөсүндө жайгашып, окуучулардын санынын көптүгүнөн улам 3 нөөмөттө билим берип келген. Бул жагдайды эске алуу менен шаар бийлиги тарабынан мектепти Калинин атындагы мектептин имаратына көчүрүү чечими кабыл алынган.
🔹Эске салсак, билим берүү мекемесинин имаратын Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта пайдаланууга берген.

default

 

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео