Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана Элдик Курултайдын Ош шаарынан шайланган делегаттарынын катышуусунда жыйын өттү.
🔹Мэр Элдик Курултайга бараткан 40 делегатка ийгилик каалап, Оштун орчундуу көйгөйлөрү көтөрүлүп, алардын чечилишине тилектештигин билдирди.
🔹Жыйындын жүрүшүндө делегаттар өз ара пикир алмашып, актуалдуу маселелердин айланасында талкуу жүргүзүштү.
🔹Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-декабрында Бишкек шаарында IV Элдик Курултай өтөт. Ага аймактардан шайланган делегаттар катышып, өз аймактарындагы маселелерди Президентке түз жеткиришет.













