✅ Мэрдин эл менен кезектеги жолугушуусу “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында өттү
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин шаар тургундары менен кезектеги жолугушуусу “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында уланды. Жолугушууга 400дөн ашуун тургун катышып, 2025-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат алышты.
Маалыматка ылайык, аталган муниципалдык аймактык башкармалыкта 1 млрд сомго жакын каражат өздөштүрүлүп, Касымбеков жана Разаков негизги көчөлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар үчүн тротуарлар курулуп, бир катар социалдык объекттер реконструкцияланган.
Ошондой эле быйыл “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Манас айланмасына чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү жол болуп, шаардагы эң приоритеттүү жол долбоорлорунун бири болуп саналат.
Жыйында мектеп, бала бакча, жол, тротуар, канализация жана жашылдандыруу маселелери көтөрүлүп, айрым көйгөйлөр жеринде чечилип, бир катар тапшырмалар берилди.
Шаар башчысы 2025-жылы толук бүткөрүлбөй калган курулуш объектилерин жана жолдорду 2026-жылы толук бүтүрүү пландалып жатканын билдирди.