ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Мэр “Жетиген” мектебинде түзүлгөн шарттар менен таанышты

🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте “Жетиген” жалпы билим берүү мекемесинде болуп, мекемеде түзүлгөн шарттар менен таанышты.
🔹Рейддин жүрүшүндө шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз даярдалгандыгына байланыштуу нааразычылыгын билдирип, жооптуу тараптарга тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтты.
🔹Мындан тышкары, шаар мэри аталган билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
🔹Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билим берүү мекемелеринин аймагындагы жерлерди коргоо, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирген.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео