Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык шаар аймагындагы унаа жолдорунда туз себүү жана кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган иштерди «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, ошондой эле Ош шаардык жолдор башкармалыгынын кызматкерлери аткарууда